Баткендеги селдин кесепетинен жолдор жуулуп, 17 үйдү суу каптады

  • 3 года мурун

Баткен облусунда 2-августка караган түнү жааган жаан — чачындан улам сел жүрүп, үйлөр жана жолдор жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар минитрлигинин маалыматына ылайык, сел жүргөн Алыш айылында 17 турак үйдүн кооролоруна, анын ичинен 7 турак үйдүн жер телөсүнө сел суулары кирип кеткен.


Мындан сырткары, сел кетүүчү сай ичиндеги 4километрлик ички чарбалык жолдор бузулуп, 4 столба жараксыз абалга келген. Ошондой эле, Валакыш, Кызыл-Булак айылындагы жолдор да бузулган.

Жеринде ӨКМ кызматкерлери иштеп, райондук комиссия тактоо иштерин жүргүзүүдө. Куткаруучулардан тышкары жергиликтүү тургундар да тартылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты