Эки балбан Олимпиаданын чейрек финалына чыкты

  • 3 года мурун

Кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Олимпиаданын чейрек финалына чыгышты.

Мээрим Жуманазарова болгариялык атаандашын Мими Николова Христованы 7:5 эсебинде утуп алды. Кыргызстандык спортчу кыздын кийинки атаандашы азербайжандык Елиза Манолова менен Блссинга Оборудуданын ортосундагы беттештен кийин аныкталат.

Ал эми Акжол Махмудов тунистик атаандашы Ламьед Маафини 11:0 эсебинде жеңди.

Бүгүн, 2-августта, 92 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков учурдагы олимпиадалык чемпиону, армениялык Артур Алексанянга каршы чыгат.

Ошондой эле, Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт.

Эске сала кетсек, Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан он алты спортчу катышууда.

Сүрөт: UWW

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты