Токио Олимпиадасы: Айпери Медет кызы коло медаль үчүн ат салышат
- 3 года мурун
Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы жарым финалда АКШ спортчусу Мариа Грейге 3-2 эсебинде утулуп калды. Эми Айпери Медет кызы 2-августта жапониялык Хирое Минагава менен коло байге үчүн күрөшөт.
Буга чейин чейрек финалда россиялык балбан, 2012-жылдагы Олимпиаданын жеңүүчүсү Наталья Воробьеваны 12:0 эсеби менен утту. Ал чейрек финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 эсеби менен жеңгенден кийин чыккан.
Cүрөт: Интернет булактарынан:
Муну бөлүшүү