​Токио Олимпиадасы: Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн ат салышпай калды

  • 3 года мурун

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль үчүн ат салышпай калды.


Виктор Чобану финалга жете турган болсо, Шаршенбеков үчүнчү орун үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүгүк алмак. Бирок Чобану жарым финалда кубалык спортчуга утулуп калды. Ошону менен Жоламан Шаршенбеков үчүн Олимпиада оюндары соңуна чыкты.

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча молдовалык Виктор Чобануга 9:0 эсебинде жеңилип калган. Ал эми казакстандык алгачкы атаандашын Жоламан Шаршенбеков эки мүнөт аралыгында 8:0 эсеби менен утуп алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты