Бекдөөлөт Расулбеков бүгүн Токио Олимпиадасында мелдешке чыгат
- 3 года мурун
Кыргызстандык спортчу Бекдөөлөт Расулбеков бүгүн, 31-июлда, Токио Олимпиадасында мелдешке чыгат.
Расулбеков 96 кг салмак ченинде күч сынашат. Мелдеш бүгүн, саат 16:50дө старт алып, КТРК Спорт каналы түз эфир аркылуу көрсөтөт.
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Расулбеков Бекдөөлөт 1996-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери.
Жалпы 15 спортчу ушул салмакка катталган. А жана B тайпаларына бөлүштүрүлөт.
Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү