Илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлык ыйгаруу жарлыгына кол коюлду

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, медицина тармагындагы иштери үчүн төмөнкүлөргө Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылды жана “Илим жана техника жагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты” деген наам берил:ө

1. «Хирургиялык эндокринологиянын проблемалары»:

— Чынгышпаев Шамиль Мукашевичке – эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

— Ахунбаева Нелли Исаевнага – эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

— Бебезов Хакиге – эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

— Ахунбаев Сталбек Медеровичке – эл аралык жогорку медицина мектебинин ректору, медицина илимдеринин кандидаты;

— Шаназаров Алмаз Согомбаевичке – эл аралык жогорку медицина мектебинин академиялык борборунун директору, медицина илимдеринин доктору;

— Айдаралиев Арсен Асылбековичке – эл аралык жогорку медицина мектебинин ректорунун кеңешчиси, медицина илимдеринин доктору;

— Казакбаев Айтбай Тургунбаевичке – эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин кандидаты;

— Кочоров Орозали Тайтокуровичке – эл аралык жогорку медицина мектебинин профессору, медицина илимдеринин доктору;

2) «Заманбап илимий-дүйнө таануу маданиятын түзүү жана өнүктүрүү теориясы»

Ашимов Исабекке – Улуттук илимдер академиясынын (УИА) корреспондент мүчөсү, УИА химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасы, медицина илимдеринин доктору, философия илимдеринин доктору, профессор.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты