​Эки депутат чуулгандуу маалымат боюнча мыйзам долбооруна кол койбогонун билдиришти

  • 3 года мурун

Парламенттин эки депутаты — Айсулуу Мамашова жана Каныбек Иманалиев парламентте кечээ, 28-июлда, кабыл алынган коомчулуктун катуу сынына кабылган маалымат боюнча мыйзам долбооруна добуш бербегенин билдиришти.


Бул боюнча эки депутат парламенттин бүгүнкү, 29-июлдагы, жалпы жыйынында айтып чыгышты.

Алар жолугушууга катышпагандыгын белгилеп, кимдир — бирөө аларга добуш бергендигин белгилешти.

Депутаттар 28-июлда Жогорку Кеңеш депутаттары коомчулукта чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алышкан.

Долбоорду 97 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы болду.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында өтпөй калган. Бирок 28-июлда депутаттар аны кайра добушка коюу демилгесин көтөрүштү.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары долбоор сөз эркиндигин чектей турганын билдирип, сынга алышкан. 30-июнда жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер Жогорку Кеңештин алдында бул мыйзам долбооруна каршы митингге чыккан.

Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова буга чейин «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ал коомчулуктун каршы пикирине туш болуп, анын макулдашылган варианты кабыл алынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты