​Өткөн жылы парламенттик шайлоого катышкан партиялардын 5 млн сом күрөөсү кайтарылып берилмей болду

  • 3 года мурун

Кыргызстанда жыйынтыгы жокко чыгарылган соңку парламенттик шайлоого катышкан саясий партияларга 5 миллион сомдук шайлоо күрөөсү кайтарылып берилмей болду.


Бул тууралуу 29-июлда “Азаттык” радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, Боршайком мындай чечимди Президентти жана парламент депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга шайлоо күрөөсүн кайтарууга байланыштуу киргизилген өзгөртүүнүн негизинде кабыл алды:

“Саясий партиялар өз эсептерин ачышы керек болот. Биз ошол эсептерине которуп беребиз акчаны. Акча депозиттик эсепте турат”.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 партия катышкан: «Биримдик», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Мекеним Кыргызстан», «Реформа», «Ата Мекен», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-Демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери» саясий партиясы, «Ордо», «Бир Бол», «Республика», «Кыргызстан» жана «Чоң Казат».

«Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары жети пайыздык босогодон ашып, жеңишке жетишкени жарыяланган. Бирок 5-октябрда 12 саясий партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Алардын миңдеген тарапкерлери Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүшкөн. Натыйжада шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, өлкөдө бийлик алмашкан. Парламентке кайра шайлоо жарыялана элек.

Шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүгө байланыштуу мыйзам долбоорун 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин ЖК депутаты Улукбек Ормонов иштеп чыккан.

Парламенттеги талкуу учурунда айрым депутаттар шайлоону жокко чыгарууга себепчи болгон партияларга акчасын кайтарбоо керектигин айтышса, кээ бирлери сот чечими болмоюнча кайсы бир партияны айыптуу деп атоо туура эмес экенин белгилешкен.

Булак: Азаттык

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты