Депутаттар коомчулуктун сынына кабылган маалымат мыйзамын кабыл алышты

  • 3 года мурун

Бүгүн, 28-июлда, Жогорку Кеңеш депутаттары коомчулукта чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алышты.


Долбоорду 97 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы болду.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында өтпөй калган. Бирок 28-июлда депутаттар аны кайра добушка коюу демилгесин көтөрүштү.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары долбоор сөз эркиндигин чектей турганын билдирип, сынга алышкан. 30-июнда жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер Жогорку Кеңештин алдында бул мыйзам долбооруна каршы митингге чыккан.

Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова буга чейин «Маалыматты манипуляциялоо тууралуу» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ал коомчулуктун каршы пикирине туш болуп, анын макулдашылган варианты кабыл алынган.

28-июлдагы добуш берүү жыйынтыгы мындай болду:

Сүрөт: Маалымат мыйзам долбооруна каршы митингден. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты