Казакстанда өндүрүлгөн “QazVac” вакцинасынын 25 миң дозасы Кыргызстанга келди

  • 3 года мурун

28-июль күн, Казакстан гуманитиардык жардам ирээтинде Кыргызстанга “QazVac” вакцинасынын 25 миң дозасын берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

“QazVac” вакцинасы Казакстанда өндүрүлгөн коронавируска каршы препарат. QazVac вакцинасын иштеп чыгуучулардын бири Ергали Абдураимов белгилегендей, бул вакцина менен 18 жаштан жогорку жарандарды эмдөө сунушталат. Эмдөө эки фазада жүргүзүлүп, биринчи жана экинчи дозалардын ортосунда сунуш кылынган аралык 21 күндү түзөт.

Белгилей кетсек, бул вакцина менен казакстандыктар 26-апрелден баштап эмделе баштаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты