Садыр Жапаров кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө дагы бир жолу чакырды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров, кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө дагы бир жолу үндөдү. Бул тууралуу ал, Инстаграммдагы өздүк баракчасына жазып чыкты.

“Урматтуу кыргызстандыктар! КОВИД-19га каршы эмдөөдөн өтүшүңүздөрдү дагы бир жолу суранабыз. Акыркы күндөрү ооруканага түшкөн жарандарыбыздын дээрлик 100 пайызы вакцина албагандар болуп жатат. Бюджетибиз ансыз да эңшерилип турганда ого бетер оорчулук келүүдө. Жалпысынан 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келип жатабыз. Андан тышкары, бир оорулууну 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда. Эмдөөдөн өтпөй коюу менен өзүңөргө, жакындарыңарга, кошунаңарга жана мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыздар. Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар, көптөн-көп сураныч вакцина алыңыздар!”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 23-июлда Бишкектеги эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алган. Өлкө башчысы андан кийин элге кайрылып, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырып, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты