Добуш сатып алууга шектелген “Биздин Кыргызстан” саясий партиясы БШКны соттон утуп алды

  • 3 года мурун

28-июль күнү, Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош шаардык кеңешине болгон кайра шайлоодон «Биздин Кыргызстан» партиясын четтетүү тууралуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу, “Биздин Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Айбек Осмонов билдирди.

“Биздин Кыргызстан” саясий партиясы, 11-июлда болуп өткөн Ош шаардык кеңешиндеги кайра шайлоого катышып 39,99%дык добушка ээ болгон. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы «Биздин Кыргызстан» саясий партиясына берилген добуштарды жараксыз деп таап, партияны тизмеден чыгарган. Ага, партиянын шайлоо күнү добуш сатып алганы себеп болгону айтылган. Буга нааразы болгон саясий уюмдун өкүлдөрү Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган.

Белгилей кетсек, Ош шаардык жергиликтүү кеңештеги шайлоонун жыйынтыгы боюнча “Ата-Журт Кыргызстан” , “Биздин Кыргызстан” , “Улуттар Биримдиги” жана “Бир Бол” партиялары 7%дык босогодон өтүшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты