​АКШ Кыргызстанда COVID-19га каршы күрөшүү үчүн 1 млн долларлык медицина жабдууларын берди

  • 3 года мурун

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкек, Чүй жана Ош облустарындагы беш ооруканага жана үч үй-бүлөлүк медицина борборуна медициналык жабдууларды тапшырды.


Кычкылтек концентраторлору, мобилдик рентген аппараттары,тоңдургучтар жана башка жабдуулар орнотулуп, негизги “кызыл зоналардагы” COVID-19 бейтаптарын диагностикалоо жана дарылоо үчүн колдонулуп жатат. Жабдуунун жалпы баасы болжол менен 1,1 миллион АКШ долларын түздү.

Жалпысынан Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы, ССМ Улуттук госпиталы, №1 Бишкек шаардык ооруканасы, Чүй облустук ооруканасы, Ош шаардык клиникалык ооруканасы, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти жана үч үй-бүлөлүк медицина борбору дээрлик 500 даана жабдуу жана коштоочу шаймандарды алышты.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдедин аткаруучусу Токтобай Маанаевдин айтымында, айрым жабдуулар, медициналык кызматкерлерге жана бейтаптарга биринчи жолу жеткиликтүү болуп жатат. Биринчи жолу мобилдик рентген сатылып алынып, орнотулду.

Ал оорулууну жылдырбай, палатасынан эле өпкөсүн рентген аркылуу текшерүүгө өбөлгө түздү, -деди Токтобай Маанаев.

Расмий тапшыруу аземинде USAIDдин Кыргыз Республикасында башчысынын милдетин аткаруучу Кит Симмонс Улуттук госпиталдын дарыгерлерине жана кызматкерлерине талыкпас мээнети үчүн ыраазычылык билдирди. «Биз сизди колдоп, ушул шаймандарды бергенибизге кубанычтабыз, бирок алар сиздин чеберчилигиңиз жана берилгендигиңиз менен гана иштейт,-деди Кит Симмонс.

2020-жылдын март айында Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясы башталгандан бери USAID 4 млн доллардан ашуун колдоо көрсөттү. Бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лобораторияларды жаңыртууга, ден-соолукка байланыштуу маалыматтык тутумдарды өркүндөтүүгө жана 4 миңден ашуун медициналык адистерди окутууга жумшалды.

USAID ошондой эле COVID-19 жөнүндө мифтерди жана жалган маалыматтарды жоккө чыгаруу үчүн маалымат кампанияларын да колдоду.

Сүрөт: АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты