​»Золотые пески» пансионатында аквопарктын суу соруучу түтүкчөсү 18 жашар баланы соруп кетти

  • 3 года мурун

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатынын аймагындагы көлдөн аквопаркка суу соруучу 500 мм диаметрлик түтүкчөсүнө 2003-жылы туулган С.С. аттуу эркек баланы соруп кеткен.


Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Жерине ӨКМдин Ысык-Көл райондук бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигинде 4 куткаруучу, Ысык-Көл айыл аймагынан 1 экскаватор, ИИМден 30 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, түтүкчөнү кесип маркумдун сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Сүрөттөр: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты