Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Токиого учуп кетти

  • 3 года мурун

Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарына жолдомо алган төрт грек-рим балбаны бүгүн, 27-июлда Токиого жөнөп кетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасында балбандар Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков жана Үзүр Жусупбеков бар. Курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев жетектейт.

Балбандар 1-августан баштап мелдешке чыга баштайт. Грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан балбан Жоламан Шаршенбеков 1-августта мелдешет. 2-августта Акжол Махмудов 77 килограммга чейинки салмакта күчүн сынайт. Оор салмакта Олимпиадага жолдомо уткан Үзүр Жусупбеков да ушул күнү мелдешке чыкмакчы. Ал эми Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын капитаны Атабек Азизбеков 3-августа мелдешке чыгат.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер Бишкек убактысы боюнча эрте мененки саат 8:00дө башталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты