11 жаштагы баланын сөөгү Чоң Чүй каналынан табылды
- 3 года мурун
Аламүдүндө сууга агып кеткен баланын сөөгүн Лебединовка айылындагы Чоң Чүй каналынан жергиликтүү тургундар тапканы белгилүү болду.
Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы каналга 11 жаштагы бала агып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Окуя 26-июлда, саат 15:14 чамасында болгон. Баланы издөөгө төрт куткаруучу чыгып кеткен. Бирок сөөктү Лебединовка айылындагы Чоң Чүй каналынан жергиликтүү тургундар тапкан.
Муну бөлүшүү