Кыргызстанда мамлекеттик ипотека боюнча жаңы программа башталды

  • 3 года мурун

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жаңы программасы башталды. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) маалымат катчысы Жылдыз Бекбаева билдиргендей, жаңы программада насыя алуунун жол-жобосу өзгөрдү.


“Менин үйүм 2021-2026” турак-жай программасы 25-июлда расмий бекитилди. Жаңы программа менен калоочулардын бардыгы ипотека менен үй алууга арыз жаза алат, мурунку программа менен мугалимдер, дарыгерлер жана башка бюджеттик тармактагы адамдар гана алууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Ошондой эле, жаңы программада пайыздык чен 4%га чейин төмөндөтүлүп, төлөө мөөнөтү узартылды” деп билдирди Жылдыз Бекбаева.

Анын айтымында, ипотеканын максималдуу суммасы 5 млн. сомго чейин көтөрүлүп, төлөө мөөнөтү жыйырма беш жылга чейин узартылган. Мындан сырткары, МИКтин өзүнүн турак-жай фонду түзүлүп, үйлөр жылдык мөөнөткө ижарага, андан ары менчикке берилет жана алгачкы төлөм деген талап коюлбайт.

Мамлекеттик ипотека системасы Кыргызстанда 2015-жылдан тарта иштей баштаган. Бул система менен 5240 адам насыя алып, дагы он миңге жакын адам кезекте турат.

Сүрөт: Иллюстрациялык сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты