​Евробиримдик өспүрүмдөрдү Moderna менен эмдөөгө уруксат берди

  • 3 года мурун

Европанын дары-дармекти тескөөчү агенттиги коронавируска каршы Moderna препараты менен 12-17 жаштагыларды эмдөөгө уруксат берди. Өспүрүмдөргө деле чоң кишилер сыяктуу төрт жума аралык менен эки доза сайылат.


Май айында Европанын дары-дармекти тескөөчү агенттиги өспүрүмдөргө Pfizer/BioNTech вакцинасын саюуну жактырган. Расмий статистикага ылайык, Европа Биримдигинде калктын жарымынан көбү коронавируска каршы вакцина алды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 2-июнда Кытайдын Sinovac компаниясынын коронавируска каршы вакцинасын колдонууга уруксат берген.

Буга чейин ДССУ Pfizer/BioNTech, Moderna, Johnson&Johnson, AstraZenecа жана Sinopharm вакцинасын каттаган.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн 450 миңден ашык киши өттү. Алар «Спутник V» жана Sinopharm вакциналарын алышты.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты