Kаржылык пирамида түзгөн шектүүлөр кармалды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 24-июлда, Бишкек шаарындагы эки райондук милиция бөлүмдөрү финансылык пирамида түзгөн шектүүлөрдү колго түшүргөнүн айтууда.

Свердлов райондук милиция башкармалыгынын маалыматы:

Милицияга Бишкектин жана Чүй облусунун тургундары кайрылышып, каржылык пирамида сыяктуу кыймылды түзгөн аялга карата чара көрүүнү өтүнүшкөн. Ал аял жакырчылыкты жоюу максатында WhatsApp аркылуу «Асыл айымдар фонду» аталыштагы кыймылды түзгөн.

«Уюм жарандарды өзүнө тартып, көп сандагы мүчөлөрдү кыймылга кошкондорго ири көлөмдөгү киреше же баалуу товарларды убада кылган. Акчаны чогултуп алгандан кийин алар дайынсыз болуп кетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Учурда ал иш Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Бул иш боюнча 34 жаштагы Б.Ч. жана 46 жаштагы Б.М. аттуу аялдар кармалган. Алар Бишкек шаардык милициясынын кармоо жайына киргизилген», — деп айтылат билдирүүдө.

Свердлов райондук милициясы жарандарды алдамчылардан жапа чеккендер жана алдамчылар тууралуу билгендер болсо (0552) 10-23-61, (0705) 27-09-03, (0702) 47-22-25, (0702) 66-00-06 же нөөмөт бөлүмүнө чалып айтып коюну өтүнөт.

Октябрь райондук милиция башкармалыгынын маалыматы:

19-июлда милицияга Ж.Б. аттуу аял кайрылып, Д. У. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

«Анын айтымында, 10-апрелде ал киши Раззаков көчөсүндөгү офиске чакырган. Ал жерде «Финико» аттуу компаниянын кызматкери экенин айткан», — деп билдирет милиция.

Райондук милиция белгилегендей, ал киши аялга оңой жол менен акча табуунун жолун сунуштаган, эгер айтылгандар ишке ашпай калса, анда акчасын кайтарып берүүнү убада кылган.

«13-апрелде «Финико» компаниясынын кызматкеримин деген киши аялдан биткоинге которушу керек болгон 1 миллион 85,4 миң сомун алган. Мындан сырткары, Д.У. буга чейин да ушундай эле ыкма менен башкалардын да акчасын алган. Жапа чеккен аял 2 миллион 388,7 миң сомун алдаткан. Убадасын аткарбастан ал жашаган жеринен башка жакка көчүп кеткен», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Кылмыш кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. 41 жаштагы шектүү кармалып, шаардык милициянын камагына алынган.

Д.У. аттуу жарандын башка кылмыштарга да тиешеси бар же жок экени боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Октябрь райондук милициясы жарандарды алдамчылардан жапа чеккендер жана алдамчылар тууралуу билгендер болсо (0703) 22-15-55, (0502) 14-43-14 же 102 нөөмөт бөлүмүнө чалып билдирип коюну өтүнөт.

Эске сала кетсек, кечээ, 23-июлда, Ленин райондук милициясы Бишкектик аял 46 миң доллар өлчөмүндөгү чыгымга учуратканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты