Тажикстан менен чек арада ок атышуу. Окуянын чоо-жайы белгилүү болду

  • 3 года мурун

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуянын чоо-жайын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Баткен районунун Кум-Мазар аймагында Тажикстандын чек арага жакын аймактарынын жашоочулары, кыргыз тараптын макулдугусуз, кумду тазалоо иш-чараларын жүргүзө башташкан.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар келишти. Тажик тарап ишти токтотуу талабына баш ийген жок. Анын үстүнө Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранын сабоого аракет кылышкан. Натыйжада, оозеки кагылышуу мушташка жана өз ара ташбараңга айланды.

Андан соң эки тараптын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу орун алган. жыйнытгында эки тараптан жаракат алгандар болгон жок.

Учурда чек арада абал туруктуу, эки тарапттын тийиштүү органдары жолугушуп жатат. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча сүйлөштү. Учурда жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты