Кум-Мазарда кыргыз-тажик тараптан чогулгандар тарады

  • 3 года мурун

Баткен облусундагы Көк-Таш айылындагы Кум-Мазарда тажик жарандарынын ишембилик кылып жатканына нааразы болуп кыргыз жарандары чогулган. Жергиликтүү бийлик сүйлөшүү жүргүзүп, ишембилик токтотулуп, кыргыз жарандары дагы тарап кеткенин Баткен районунун акими Учкун Жоробаевдин билдирди.

“Негизи бул жерлер аныктала элек аймактар. Ошол Кум-Мазар деген жерге тажик тараптын он бештей киши ишембиликке чыккан. Ал жер такталбаган аймак болгондуктан чек арачылар, жергиликтүү бийлик дагы жумуштарды токтотууну талап кылганбыз. Кийин жергиликтүү бийлик, чек арачылар сүйлөшүп, эки тарап тең тарады”, — деди Учкун Жоробаев.

Жоробаев буга чейин Тажикстандын Чорку айылы менен чектешкен Көк-Таш айылында 23-июлда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда түшүнбөстүктөр болгонун кабарлаган. Андагы чырды учурда милиция териштирип жатат.

Жоробаев учурда абал тынч экенин билдирди. Кыргызстандын Чек ара кызматы окуянын чоо-жайы жөнүндө маалымат даярдалып жатканын кабарлады.

Тажикстандын расмий органдары маалымат тарата элек.

Сүрөт интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты