COVID-19: Кыргызстанда бир суткада 11 киши каза болду
- 3 года мурун
Коронавирус илдетинин жайылышы боюнча 24-июлга карата маалымат.
Бир сутка ичинде коронавирустан 11 киши каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде өлкө аймагында 1 147 адам коронавируска чалдыкты.
Бишкек шаары – 661;
Ош шаары – 8;
Чүй облусу – 153;
Ош облусу – 59;
Талас облусу – 20;
Нарын облусу – 26;
Ысык-Көл облусу – 52;
Джалал-Абад облусу – 95;
Баткен облусу – 73.
Жалпы катталган учурлардын саны – 156 152 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 106 279, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 49 873.
Муну бөлүшүү