25-июлдан тарта Россияга «COVID-19суз саякаттайм» тиркемеси аркылуу гана кирүүгө болот

  • 3 года мурун

2021-жылдын 25-июлунан тарта Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясынын аймагына кирүүдө ПЧР-анализдин жыйынтыгын «COVID-19суз саякаттайм» уюлдук тиркемеси аркылуу көрсөтүшү тийиш. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Орусия 20-июлда өлкөгө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден келген жарандарга жаңы талап киргизген. Тесттин жыйынтыгы Орусияга барарга үч күн калгандан кем эмес аралыкты чыгышы шарт.

“COVID-19суз саякаттайм” тиркемесин уюлдук телефонго “AppStore” же “Google Play” тиркемелери аркылуу көчүрүп алууга болот. Андон соң, сунуш кылынган лабораториялардын тизмесинен жакыныраагын тандап, ПЧР тестин тапшыруу зарыл. Тесттин жыйынтыгы чыкканда QR кодун көчүрүлгөн программа аркылуу сканерлеп алуу керек.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Кыргызстанда айрым жеке лабораториялар «COVID-19суз саякаттайм» маалымат тутумуна кошулганын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты