Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрга белгиленди

  • 3 года мурун

Бүгүн, 23-июлда, Өзбекстанда президенттик шайлоо өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Озодлик басылмасы Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамходжаев пресс-конференцияда комиссия президенттик шайлоону 24-октябрда өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыялады.

Низамходжаев белгилегендей, шайлоо өнөктүгү бүгүн башталды.

Өзбекстан Республикасынын Конституциясынын 90-беренесинде Президент өлкөнүн жарандары тарабынан шайланат деп белгиленген. Шайлоо, жашыруун добуш берүү аркылуу жүргүзүлүп, атайын комиссия тарабынан көзөмөлдөнөт.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда акыркы президенттик шайлоо 2016-жылдын 4-декабрында өткөн. Расмий маалыматтар боюнча, Шавкат Мирзиёев 88,61% добуш менен жеңишке жетишкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты