Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө башталды

  • 3 года мурун

22-июлдан баштап Бишкек шаарында, COVID-19 га каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө башталды.


AstraZeneca – бул моноваленттүү вакцина, аны швед-британиялык фармацевтикалык каражаттарды өндүрүүчү компания Оксфорд университети менен бирге кызматташып, иштеп чыккан.

Республикалык штабдын билдирүүсүнө ылайык, аталган вакцинаны Бишкек шаарындагы №2,3,5,7,15 Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан жана студенттердин эмканасынан алууга болот.

Ошондой эле эмдөөнү, жашы 18 жаштан жогору каалаган жарандар эки доза менен ала алышат. Биринчи менен экинчи дозаны алуу убактысы 4-12 күндү түзөт.

Региондоого AstraZeneca вакцинасы алдыдагы жумадан баштап жеткириле баштайт.

Региондор боюнча бөлүштүрүү планы:

Бишкек ш.– 10 миң доза;

Ош ш.– 2 миң;

Чүй облусу – 10 миң;

Жалал-Абад облусу – 4 миң;

Ысык-Көл облусу – 4 миң;

Нарын облусу – 2 миң;

Талас облусу – 2 миң;

Баткен облусу – 2 миң;

Ош облусу – 4 миң.

Жалпы жонунан региондорго 30 миң доза жеткирүү пландалып жатат.

Эскерте кетсек, 16-июль күнү Азербайджан Республикасы AstraZeneca вакцинасынын (AZD1222) 40 миң дозасын (20 миң адамга) гуманитардык жардам катары берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты