Садыр Жапаров мас айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда, өлкөнүн Ички иштер министрлигине мас абалында унаа айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Өлкө башчы өзгөчө туристтик мезгилде Ысык-Көл облусунда мас абалында унаа айдагандарга чара көрүү жана жолдордогу көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгилеген.

Аталган рейддин максаты, кырсыктарды алдын алуу, алкоголдук ичимдик ичип же баңгизат колдонуп мас абалында жүргөн айдоочулардын транспорт каражаттарын башкаруу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу максатында зарыл экени айтылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, 2020-жылы 2183 жол кырсыгы катталып, 72 адам каза болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты