Бул жылы да мектептер ачылбай, окуу онлайн улантылышы мүмкүн

  • 3 года мурун

Эгерде педогогикалык курамдын 70%дан ашыгы эмдөөдөн өтпөсө бул жылы да окуу онлайн түрдө башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Гүлшан Абдылдаева азыркы учурда республика боюнча жаңы окуу жылына даярдык башталганын белгилеп, август айында боло турган “август кеңешмесинде” Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бул маселелер каралаарын айтты.

“Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылына даярдыктарды көрө башталды. Ага ылайык, жер-жерлердеги мектептерге оңдоп-түзөө иштери да башталды. Жаңы окуу жылынын башталышынын оффлайн форматта өтүшү үчүн, мектептеги педогогикалык курам жана жалпы ошол жерде иштеген кызматкерлердин 70%дан ашыгы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул — милдеттүү талап”деп билдирди.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам 2020-2021-окуу жылы да онлайн форматта өткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты