18-октябрда: Айрым жерлерде үшүк жүрөт

18-октябрда Чүй облусунун түндүк бөлүгүндө, Талас облусунун Кара-Буура районунда жана Ысык-Көл облусунун Түп районунда 0…-2° чейин үшүк жүрөт.

18-октябрда күндүз Ош, Баткен жана Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзүп, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда: түнкүсүн +1…+6°, күндүз +17…+22°

Талас облусунда: түнкүсүн +1…+6°, күндүз +12…+17°

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +8…+13°, күндүз +20…+25°

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +1…+6°, күндүз +13…+18°

Нарын облусунда: түнкүсүн 0…-5°, күндүз +12…+17°

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4°, күндүз +18…+20° болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты