Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

  • 3 года мурун

23-июлда президент Садыр Жапаров коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын биринчи дозасын алды.

Өлкө башчы соода борборлорунун бириндеги эмдөө пунктуна экинчи уулу менен келген.

Жапаров баарына вакциналар жөнүндөгү имиштерге ишенбөөгө жана эмдөөдөн өтүүгө чакырып, Кыргызстан 1 миллион дозадан ашык вакцина сатып алгандыгын белгиледи. Бул тууралуу akipress.org маалымат агенттиги жазып чыккан.

Ал эми, Президент Садыр Жапаровдун жубайы, биринчи айым Айгүл Жапарова 27-майда коронавирустук вакцинанын биринчи дозасын алды. Буга чейин, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана муфтий Замир ажы Ракиев дагы Covid-19 га каршы вакцина алышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты