Кыргызстан дагы 9 өлкө үчүн 60 күнгө визасыз режимди киргизди

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, кол койду. Бул тууралуу президенттин пресс-кызматы кабарлады.


Мыйзамга ылайык, 60 күндүк мөөнөткө визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмесине тогуз жаңы өлкө Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, жана Мексика кошулду.

Мындан тышкары, мыйзам улуттук коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында, визасыз кирүү режимин толугу менен же жарым-жартылай токтото туруу укугу менен толукталды.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Кыргызстанга визасыз режимде 52 өлкөнүн жарандарына кирүүгө уруксат берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты