​«Sputnik-V» вакцинасын алгандан кийин каза болду делинген аялдын өлүмү боюнча эксперттик комиссия түзүлдү

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө 46 жаштагы Н.И. аттуу жарандын өлүмү боюнча кызматтык иликтөө башталды.


Маркумдун туугандарынын айтымында, аял 19-июлда COVID-19га каршы «Sputnik-V» вакцинасын алган. Ошол түнү анын абалы начарлап, эки күндөн кийин каза болуп калган.

Окуяны иликтөө үчүн эксперттик комиссия түзүлгөнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев 23-июлдагы маалымат жыйында билдирди.

«Буга чейин соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгынан кийин аялдын өлүмүнүн себеби белгилүү болот», — дейт министрдин орун басары.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты