​Чүйдө мас айдоочунун айынан 6 адам көз жумду

  • 3 года мурун

Чүй облусунда 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалыматына караганда, кырсык кечээ, 22-июлда, саат 21.20да Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында, Нур айылынын жанында болгон. «Хонда Степвагон» менен «Мицубиси Пажеро» унаалары сүзүшүп, 4 адам дароо көз жумган.

5 адам аймактык ооруканага жеткирилип, бүгүн таңда 2 адам өзүнө келбей каза болгон.

Медициналык экспертизанын жыйынтыгында, «Мицубиси Пажеро» унаасынын айдоочусу мас абалда унаа башкаргандыгы аныкталган.

Дал ушундай эле жол кырсыгы, 21-июль күнү кечинде Балыкчы-Каракол унаа жолунун Чырмыкты жана Кош-Көл айылдарынын ортосунда болгон. «Лексус 470» жол тандабас унаасы менен «Мицубиси галант» кагышып, экинчи унаадагы 5 адам кайтыш болгон.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты