Жыпариса Рысбекова БУУнун ыйгарым укуктуу өкүлү менен “балдардын укуктарын коргоо” боюнча бир топ маселелерди талкуулады

  • 3 года мурун

22-июль күнү, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен балдардын укуктарын коргоо жаатында кызматташуу боюнча жолугушуу өткөрдү.


Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Кыргызстандагы балдарды социалдык жактан коргоого алуу, балдарга карата зордук-зомбулукту жоюу, билим берүү жана саламаттыкты сактоонун маанилүүлүгүнө токтолушту. Мындан сырткары, бийлик өкүлдөрү балдар маселесине олуттуу көңүл буруусу керектиги да айтылды.

Жыйынтыгында , Жыпариса Рысбекова менен Кристин Жольм балдардын укуктарын коргоо жаатында 2023-2027-жылдарга карата өлкөлүк программанын долбоорун даярдоо жана анализдерди жасоо жөнүндө макулдашты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала кедей үй-бүлөдө жашайт. ЮНИСЕФТИН изилдөөсүнө ылайык бул өлкөдөгү балдардын 40%дан ашыгын түзүп, көпчүлүгү социалдык жана экономикалык жактан камсылдалган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты