Кыргызстандын байланыш операторлору «Pegasus» программасына кирген
- 3 года мурун
Жогорку Кеңештин 22-июлдагы жыйынында Санариптештирүү министри Дастан Догоев «Pegasus» телефон тыңшоочу программасына байланыштуу түшүндүрмө берди.
Маалыматты коргоо жана кибер коопсуздук маселелери УКМКнын ыйгарым укуктарына кирээрин айткан Дастан Догоев:
«Pegasus» программасы бүткүл дүйнө жүзүндө маселе жаратты. Биздин байланыш операторлорубуз дагы ушул программанын тизмесине киришти. Санарип министрлиги бул маселе боюнча керектүү маалыматтарды расмий түрдө УКМКга жөнөткөн»,-дейт.
«Pegasus» программасы телефонуңуздагы чалууларды угууга жана кат алышууларды окууга, сүрөттөр менен сыр сөздөргө кирүүгө, GPS маалыматтарын көзөмөлдөөгө, үн жана видео жазууларды көрүүгө мүмкүндүк берет.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү