​Аймактарда президенттин жаңы өкүлдөрү дайындалды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.


Буга чейин Өкмөттүн облустардагы өкүлү болуп келген облус башчылары эми Президенттин өкүлү болуп калышты.

Жаңы дайындоолорго ылайык, бардык облус башчылары ордуларында калып, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты. Ош облусунун жаңы башчысы болуп ЖК депутаты Зиядин Жамалдинов дайындалды.

Аталган кызматты буга чейин аркалап келген Жарасул Абдураимов Экономика жана каржы министринин орун басары болуп дайындалды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты