​Министрлер менен акимдерге кол тийбестик макамы берилет

  • 3 года мурун

Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзам долбоорунда министрлерге, акимдерге кол тийбестик берүү сунушталууда.


22-июлдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Каныбек Иманалиев дүйнөлүк практикада президент менен депутаттар гана кол тийбестик укугуна ээ экендигин эске салып:

«Бул мыйзам эмес, юридикалык коомдун деградациясынын диагнозу», — деди.

Жанар Акаев министрлер менен акимдерге кол тийбестик берүү тууралуу мыйзам бийликтеги эки адамдын таасир талашы экенин айтты.

«Бул мыйзам долбоорунда УКМК президенттин макулдугусуз министрлерди, акимдерди кармай албайт деп жазылган. Өкмөт мүчөлөрү, сиз бийликте турган эки адамга мыйзам долбоорун жазып жатасыз. Мындай мыйзам Өзбекстанда, Тажикстанда да жок, балким Түркмөнстанда бардыр. Адамдын амбициясына карап, мыйзамдарды жазуу туура эмес»-дейт Жанар Акаев.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты