​Депутаттар президенттик башкарууга эми каршы чыга башташты

  • 3 года мурун

22-июлдагы парламент жыйынында депутат Сайдулла Нышанов министрлер кабинети жөнүндө долбоордо Президент министрлер кабинетинин төрагасын жана мүчөлөрүн парламент үч жолу каршы чыкса да дайындай берээрин айтты.

«Мен президенттик башкаруу маалында деле депутат элем, ошол учурда депутаттар өкмөттү дайындаган. Азыр Президент дайындайт, Жогорку Кеңештин кереги жок деп жазыш керек болчу» деди.

Кесиптеши Шайлообек Атазов мыйзам демилгечилери депутаттар бары бир кабыл алып беришет деген ишеним менен аларды кекиртектен алып жатышканына ызаланды.

Каныбек Иманалиев болсо, жаңы долбоордо Министрлер кабинети президентке гана баш иет деген берене такыр туура эмес экенин айтып:

«Эгерде мыйзам ушул формада кабыл алынса, анда Жогорку Кеңештин кереги жок болуп калат. Бизде эч кандай демократия болбойт» деди.

Депутаттардын нааразычылыгына юстиция министри Асел Чынбаева республикада президенттик башкаруу формасы өкүм сүрүп жатканын эскертип, бул норма Президент өз ыйгарым укуктарын азыркы Конституцияга ылайык толук кандуу жүзөгө ашыруу үчүн киргизилгенин айтты.

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков айрым депутаттар каршы болгонуна карабай, көпчүлүк кесиптештери референдумду колдогонун эске салып:

«Эмне кылганыңарды эми көрүп алгыла дагы, ырахат ала бергиле» деди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты