​Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан 5 адам каза болду

  • 3 года мурун

21-июлда, саат 21:30 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун Чырпыкты менен Кош-Көл айылдарынын ортосунда жол кырсыгы болду.


«Mitsubishi Galant» жана «Lexus LX470» автоунааларынын кагылышынан 5 адам кайтыш болду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, унаалардын бири каршы тилкеге чыгып кеткен.

Кырсыктан «Mitsubishi Galant» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү каза болгон.

Алар:

— айдоочу, Чырпыкты айылынын тургуну, 1960-жылы туулган М.Н.

— Чырпыкты айылынын тургуну, 1968-жылы туулган З.Э;

— Ысык-Ата районунун тургуну, 1969-жылы туулган А.А;

— Токмок шаарынын тургуну Т.Н.,

— Бактыгүл аттуу аял (өздүгү такталууда).

«Лексус» унаасындагы Бишкек шаарынын тургундары:

— айдоочу, 1972-жылы туулган Ч.У., жүргүнчүлөрү 1972-жылы туулган С.В., 2012-жылы туулган У.У., 2015-жылы туулган У.А. жана 1994-жылы туулган О. уулу Р. аймактык ооруканага жеткирилген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты