​Президентке жолуккан депутаттар бир мандаттуу шайлоого каршы экенин айтышкан

  • 3 года мурун

Кечээ, 21-июлда Президент Садыр Жапаров парламент депутаттары менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолукту.


Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы, ал жолугушуу боюнча кыскача гана маалымат берип, өлкө башчысы менен эл өкүлдөрү Кыргызстандагы саясий-экономикалык абалды, алдыдагы парламенттик шайлоону талкууга алып, эпидемиологиялык кырдаалды биримдик менен жеңип чыгуу сыяктуу жылуу маанайда баарлашуу болгонун жазып чыкты.

Депутат Марлен Маматалиев өзгөртүүлөр киргизилип жаткан шайлоо мыйзамына көпчүлүк эл өкүлдөрү нааразы экенин Садыр Жапаровго айтышканын кабарлады.

Тагыраагы депутаттарга бир мандаттуу шайлоо округдарынын киргизилиши жакпай жатканы айтылган.

Ал эми депутат Дастан Бекешов болсо, Президентке шайлоодогу добуш сатып алуу аракеттерине катаал чара көрүү сунушун айтканын, Садыр Жапаровго жагалданып, ода арнаган айрым кесиптештери үчүн уялганын телеграмм каналына жазып чыкты.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты