Улукбек Ормоновдун ысырапчылыкка каршы мыйзамында 35 миңден 100 миңге сомго чейин айып каралган
- 3 года мурун
21-июлда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча комитети той-топурларды, маркумду акыркы сапарга узатуу ырым-жырымдарын тартипке келтирүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Депутат Улукбек Ормонов демилгелеген бул мыйзам долбоору боюнча:
— үй-бүлөлүк мааракелерге жана иш-чараларга келген коноктордун саны 100 адамдан көп болбошу керек;
— үйлөнүү үлпөт тойго 200дөн ашык адам чакырылбайт жана той бир күндө аякташы керек;
— никеге туруу салтанатында үчтөн ашык унаа колдонулбашы керек;
— маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүндө бодо мал союлбайт;
— Таажиядан кийнки аза күтүүгө байланыштуу ырым-жырымдарга (жетилик, кыркылык, аш)100дөн ашпаган киши чакырылып, ал дагы бодо мал союлбастан өткөрүлөт;
— Ажылыкка барган зыяратчыларды узатуу жана тосуп алуу иш-чаралары үй-бүлөлүк чөйрөдө гана өткөрүлөт;
Мыйзамды бузгандар үчүн айып пул киргизүү сунушталып, жеке адамдарга 35 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом деп белгилөө сунушталууда.
Фото интернеттен алынды