Жумгалдыктар жол тособуз деген соң, иштер жанданып, майда чиновниктер иштен алына баштады
- 3 года мурун
Жумгал районундагы жол маселеси жергиликтүү элдин чыдамын кетирип, алар митинг кылып, жол тособуз деп чиновниктерге эскертүү беришкен.
Бүгүн, 21-июлда, Транспорт министри Гүлмира Абдралиева Жумгал районуна барып, жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү.
Эпкин-Башкууганды жолунун курулушу жана реконструкциясы кечигип жаткандыгына байланыштуу ишиндеги кемчиликтери үчүн ДЭУ-24 мекемесинин башчысын ээлеген кызматынан бошотту.
Андан башка дагы чиновниктерге катаал жаза колдонулаарын айткан министр, жолдун курулуш иштери токтоосуз улантылаарын кошумчалаган.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү