Сузак районунда сел жүрүп, 6 жашар кызды агызып кетти
- 3 года мурун
Жалал -Абад облусунун Сузак районунда сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргенине караганда, 20-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Дарыя айыл аймагынын Достук жана Чангыр-Таш айылдарында сел жүргөн.
Турак үйлөрдүн короолорун жана Сузак-Кара-Дарыя унаа жолун суу каптаган.
Тилекке каршы, сел алты жаштагы кызды да агызып кеткен. Аны издөөгө издөөгө жана суу ташкынынын кесепеттерин жоюуга 50 куткаруучу тартылган.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү