​«Кумтөр» боюнча «Центерранын» арызын Нью-Йорк соту караган жок

  • 3 года мурун

«Центерранын» Кумтөрдүн мүлкүн жана эсептерин камакка алуу боюнча өтүнүчүн Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сот убактылуу канааттандырган жок.


Дүйшөмбү, 19-июль күнү, Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча судья Лиза Бекерман «Центтера Голддун» кызыкчылыгын коргогон Sullivan & Cromwell LLP юридикалык компаниясынын адвокаты Жеймс Бромлинин Кумтөргө мыйзамсыз сырткы башкаруу киргизилгенин жүйө кылып, кендин мүлкүн жана эсептерин камакка алуу тууралуу арызын караган.

Судья Лиза Бекерман «АКШ мыйзамдарына ылайык даттануу жана чакыруу кагаздары жок болгон учурда, мен буйрук чыгарбайм жана буйрук чыгара алам деп ойлобойм», — деген.

«Кумтөр Голд Инк.» ЖАКынын убактылуу сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүктүн айтымында “Кумтөр” ишканасын банкрот деп таануу боюнча арыздар алгач Кыргызстандын аймагында каралышы керек.

Эске сала кетсек, «Кумтөр голд инк.» ЖАКына ушул жылдын 17-майында 3 айылык мөөнөткө убактылуу тыштан башкаруу киргизилип, керек болгон учурда бул убакыт дагы узартылат деген чечим кабыл алынган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты