Афган кыргыздары боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн Тажикстан жоопсуз калтырды
- 2 years мурун
Афганистандан качып барган 345 этникалык кыргыздарды Тажикстан өткөн жумада артка кайтарган.
Кыргызстандын nышкы иштер министрлиги тажик бийлигинин бул кадамына комментарий берди.
Кыргызстан 13-июлда Тажикстандын ТИМине афгандык кыргыздарды кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү пунктуна чейин жеткирүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен нота жиберген.
«Афган кыргыздары боюнча тынчсыздануубузду билдирип, тиешелүү суроо-талаптарыбызды 14-16-июль күндөрү Дүйшөмбүдө жана Ташкентте өткөн көп тараптуу тышкы саясий иш-чаралар учурунда дагы айтканбыз. 16-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Тажикстандын элчиси менен жолугушуу болуп, бардык афган кыргыздарын кабыл алууга даяр экенибизди тастыктап, алардын Тажикстандан Кыргызстанга тоскоолдуксуз өтүүсүнө көмөктөшүү өтүнүчү айтылган”, – деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.
ТИМдин маалыматы боюнча, Тажикстан Кыргызстандын расмий кайрылууларын жоопсуз калтырган.
Фото интернеттен алынды