Лейлекте сел жүрдү, 16 жаштагы өспүрүм каза болду
- 3 года мурун
ӨКМдин басма сөз кызматы Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүргөнүн билдирди.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, 19-июль күнү, саат 17:30 чамасында катуу жааган жамгырдан кийин, Катран, Тогуз-Булак айыл аймактарында жана Исфана шаарынын ичинде сел жүргөн. Сел турак үйлөрдүн короолорун каптап, чарбаларга, жолдорго жана көпүрөлөргө зыян келтирилген.
Мындан тышкары, Лейлек айыл аймагынын Ак-Терек айылында 25 турак үйдү, 20 турак үйдүн короолорун, мектепти, бала бакчаны жана мечитти суу каптаган.
Селдин кесепетинен 2005-жылы туулган А.уулу А. аттуу өспүрүм көз жумган. Анын сөөгүн айыл тургундары табышкан.
Фото Интернеттен алынды.
Муну бөлүшүү