Кыргызстандын журналисттери алгач ирет дүйнөлүк абройлуу Sigma Awards сынагында ийгиликке жетишти

  • 3 года мурун

Бишкек, 16-июль, 2021-жыл — 2021-жылдын июнь айында Kloop.kg басылмасынын «Фемицид. Кыргызстанда аялдарды ким жана кантип өлтүрүүдө?» деген изилдөөcү data-журналистика багытында дүйнөгө белгилүү The New York Times, The Atlantic, Financial Times уюмдарынын долбоорлорунун катарында эл-аралык сыйлыкка ээ болду.

Долбоордо Кыргызстанда алгачкы жолу фемицид боюнча статистика жана маалыматтар камтылып, аялдарды өлтүрүү — үй-бүлөлүк зомбулуктун негизги кесепети экендиги көрсөтүлдү.

Долбоордун авторлору Анна Капушенко менен Савия Хасанова изилдөөнүн методикасы, акыркы 10 жылдагы криминалдык маалыматтарды топтоо, иш учурундагы эмоционалдык абалдары жөнүндө айтып беришет.

Фемицид – кыз-келиндерди гендердик негизде өлтүрүү. Аны медиада чагылдыруу аялдарга карата зомбулукту коомдук айыптоону калыптандырууда жана бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт. Data-журналистика маалыматты натыйжалуу колдонуу аркылуу окуяларды баяндоонун жана иликтөөнүн маанилүү куралы болуп саналат.

Data-журналистика — маалыматтарды топтоого, талдоого жана иштетүүгө негизделген журналистиканын багыты.

Кыргызстанда data-журналистика ачык мамлекеттик маалыматтардын салыштырмалуу кеңири топтомунун, эркин медиа чөйрөнүн жана маалымат каражаттарын колдоо программаларынын жардамында өнүгүп жатат. Кыргызстандагы фемицид боюнча биринчи статистикалык долбоор «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү» программасынын «Жаңы ыкмаларды жана платформаларды колдонуу менен социалдык маанидеги темалардагы медиа демилгелерди колдоо» сынагынын алкагында ишке ашырылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты