​Акылбек Жапаров кылмыш иши козголгон экс-министр менен Ош шаарын кыдырды

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров кечээ, 18-июлда Ош шаарында жасалып жаткан иштер менен таанышты.

Акылбек Жапаровду Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов коштоп, шаарда курулуп жаткан бир катар объектилер тааныштырды.

Көпчүлүктүн көңүлү алардын жанында жүргөн мурдагы Транспорт министри Нурлан Сулаймановго бурулду.

Анткени Курманбек Бакиевдин тушунда министрлик кызматтарды аркалаган Нурлан Сулаймановго карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 2016-жылы кылмыш ишинин мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу иш кыскартылган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясы менен ЖК депутаттыгына талапкерлигин койгон.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты