БШК Токмокто добуштарды кайра саноо чечимин жокко чыгарды
- 3 года мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешине шайлоодогу добуштарды кайра эсептеп чыгуу тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарды.
Токмок аймактык комиссиясына “Эмгек” жана “Асыл мурас-Жаштар” саясий партияларынан арыз түшкөн. Алар айрым шайлоо участокторунда добуштар кол менен саналбай калганын белгилешкен жана ал сунуш колдоо тапкан.
Бирок «Бирге-Вместе», «Эл Биримдиги» жана «Патриот Ынтымагы» партиялары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жана добуштарды кайра эсептөө тууралуу токтомго каршылыгын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арызданышкан. Боршайкомдун жумушчу тобу маселени 18-июлда карап добуштарды кайра эсептөө тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимди негизсиз деп тапты.
Сүрөт: БШК басма сөз кызматы.