Кыргызстан ооган кыргыздары үчүн «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунан жардам сурайт

  • 3 года мурун

Тажикстанга качып өткөн ооган кыргыздарына медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргызстан эл аралык «Чек арасыз дарыгерлер» уюмуна кайрылмакчы.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 16-июлдагы жыйында тышкы иштер министрлигине тапшырма берди.

Жыйында берилген маалыматтарга караганда, учурда ТИМ Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар комиссариаты жана Тажикстандын бийлиги менен ооган кыргыздарын Кыргызстанга өткөрүү маселесин сүйлөшүп жатат. Жылдыз Бакашова тиешелүү кызматтарга ооганстандык кыргыздарды эвакуациялоо үчүн ыңгайлуу шарттарды, медициналык жана укуктук жардам көрсөтүү жаатында иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

“Талибан” кыймылынын чабуулдарынан кооптонгон дагы ондогон оогандык кыргыз 14-июлда Тажикстанга кире качканын коңшу өлкөнүн мамлекеттик “Ховар” маалыма агенттиги билдирген. Анда Ооганстандын Вахан провинциясындагы Андемин аймагынан Тажикстандын Мургаб районуна жер которгон кыргыздардын жалпы саны 347 адамга жеткени айтылат.

Жолдо качкындардын арасынан эки ымыркай чарчап калганы кабарланды. Азырынча расмий Дүйшөмбү памирликтердин андан аркы тагдыры жөнүндө чечимин билдире элек

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты