ӨКМ казак унун арзан сатып, буудай сатып алат
- 4 года мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унду арзан баада сата баштады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду республиканын азык-түлүк товарларына бааны турукташтыруу максатында жогорку сорттогу ундун килограммын 27 сомдон, биринчи сорттогу унду 25 сомдон сатууда.
Улуттук статистикалык комитеттин 16-июлдагы маалыматы боюнча, жогорку сорттогу ундун килограммынын орточо баасы 48 сом, биринчи сорттуку 38 сомду түзгөн.
Эске сала кетсек, Министрлер кабинетинин 24-июндагы жыйынында, Өзгөчө кырдаалдар министр Бообек Ажикеев гуманитардык жардам катары Казакстандан келген 10 миң тонна ундун нымдуулугу ашыкча экенин белгилеп:
«Ал унду сактоо боюнча мүмкүнчүлүгүбүз чектелген. Себеби 2-3 айга жетпей унубуз бузулуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан ал унду сатыкка чыгарып, түшкөн акчасына буудай сатып алсак», — деген оюн айткан.
Фото интернеттен алынды